Чүйдө 8 жетекчи аттестациялоодон өтпөй калды

Чүй облусундагы район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациялоо аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аттестациялоого 21 жетекчи катышып, анын ичинен 3 талапкер компьютердик тестирлөөдөн өтпөй калган.

«Соңку баскыч, аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен дагы 5 жетекчи «ээлеген ордуна татыктуу эмес» деп табылган. Ошондой эле 16 талапкер боюнча «ээлеген ордуна туура келет» деген чечим чыгып, кызматынан жогорулатуу, кадрлар резервине алуу чечимине бир да жетекчи ээ болгон эмес»,- деп айтылат маалыматта.

Бул аттестациялоочу комиссиянын корутундусу тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн өкмөткө жөнөтүлөт.