Чүйдө 9 баланын энесиз калышы. Депутат иштен кеткен директор жаңы кызматка барганын айтты

Чүйдө төрөттөн кийин 36 жаштагы келин көз жумган. Бул анын 9-төрөтү болгон. Саламаттыкты сактоо министрлигинин 14-февралындагы №42 буйругу менен Жайыл аймактык ооруканасынын директору ээлеген кызматынан бошотулган.

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева кызматтан кеткен директор кайра эле дарылоо бөлүмү боюнча директордун орун басары болуп дайындалганын билдирди.