Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында 69 жаштагы киши кечээ 8 жашар кызды унаа менен сүзүп кеткен.
Чүй облустук ЖКККБден кыз жаракат алып ооруканага түшкөнүн, учурда тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты.
Медиктер Тойта Фораннер унаасын айдаган адамды текшере келгенде, канынан алкоголь чыккан.