Жайыл райондук милиция кызматкерлери сууга түшүп кеткен унаадан баланы жана анын атасын куткарышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
18-июлга караган түнү Жайыл районунун Сосновка айылында жол кырсык каттаган. Түн жарымында Бишкек шаарынын 1988-жылы туулган тургуну Тойота Аллион үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатып, Талды-Булак айылына бурулушта рулга ээ боло албай калган.
Кесепетинен унаа жолдон чыгып, агымы катуу болгон каналга түшүп кеткен. Унаанын ичинде айдоочу жана анын жашы жете элек уулу болгон.
Ошол маалда милициянын майорлору Эрмат Сасыков жана Нурлан Бийбосунов кызмат өтөп жүрүшкөн. Алар кырсык болгон жерден өтүп бара жатып, сууга агып бара жаткан унааны көрүп, дароо жардам көрсөтүүгө киришишкен.
Милиция кызматкерлери суунун ичинде унаага жетип барып, эң биринчи баланы, андан соң айдоочуну сыртка алып чыгышкан.