Abank
SerepTV Logo

Чүйдө Бактыбек Конушбаев өткөн жылдын июнь айынан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө Бактыбек Конушбаев өткөн жылдын июнь айынан бери дайынсыз болуп жатат

Сокулук РИИБ дайынсыз болуп жаткан жаранды издеп жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Ушул жылдын 10-январында жаран милицияга кайрылып, анын агасын Конушбаев Бактыбек Сардарбековичти таап берүүнү суранган. Ал 1962-жылы туулган жана 2021-жылдын июнь айында Күн-Туу айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Белгилери: бою 172-177 сантиметр, чачын ак баскан, арык, көздөрү күрөң. Кийген кийими: ак футболка, ак шым, кара туфли. Өзгөчө белгилери: оң буту тизеден ылдый жок.

Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0558 86-14-86, 0554507888 номурларына чалсаңар болот.