Чүйдө дагы 4 мектеп онлайн окутууга өттү

Чүйдө дагы 4 мектеп онлайн окутууга өттү. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук санитардык көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кеминдеги бир мектеп, Сокулуктагы 3 мектеп онлайн окутууга өткөн.

Буга чейин Чүй облусунун Москва районундагы эки мектеп онлайн окутууга өткөнү маалым болгон.