Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы өспүрүм 1 айдан кийин табылды

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан өспүрүм Бишкекте табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Буга чейин милиция маалымат таратып, анын 25-октябрда Петропавловка айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эместигин айтып, коомчулуктан жардам сураган. 

Бүгүн, 24-ноябрда Жайыл РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2011-жылы туулган өспүрүм табылган.