Чүйдө изделип жаткан эки бир тууган табылып, ата-энесине өткөрүп берилди. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге ата-эне кайрылып, алардын 2012 жана 2015-жылы туулган уулдары 6-февралда үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.
8-февралда милиция тарабынан эки бир тууган Аламүдүн-1деги кароосуз калган үйдүн жер төлөсүнөн табылган. Балдар ата-энесине өткөрүп берилди.