Чүйдө дайынсыз болуп жаткан бир тууган кыздар табылды

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан бир тууган кыздар табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

2-сентябрда Кемин РИИБге 1986-жылы туулган жаран кайрылып, 2007-жылы туулган Алтынай жана 2013-жылы туулган Айсулуу аттуу кыздары дайынсыз болуп жатканын айткан. Кыздардын 31-августта саат  07:40 чамасында Кеминдеги Кароол-Дөбө айылындагы үйүнөн чыгып кетишкен бойдон кайтып барышпаганы маалымдалган.