Чүй ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана Токмок ШИИБдин кызматкерлери дайынсыз жоголгон 2003-жылы туулган Казаков Арсен Сабырбековичти тапты.
Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жигит Бишкек шаарынын аймагынан табылган. Профилактикалык сүйлөшүүлөрдөн кийин ал ата-энесине өткөрүлүп берилди.