Чүйдө жолдун жээгинен аял кишинин чирий баштаган жансыз денеси табылды

29-ноябрда саат 11:00 чамасында Ысык-Ата районундагы Ново-Покровка менен Сары-Жон айылдарынын ортосундагы жолдун четинен болжол менен 45-55 жаштардагы аял кишинин чириген абалда жансыз денеси табылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Белгилери: чачы кыска, толук дене түзүлүштө, бою 160-165 сантиметр, маңдайкы тиштери түшүп калган, бети тоголок, мурду кичинекей, ичинде операциядан калган тырык бар (болжолдуу кесареводон калган). Жансыз дененин жанынан аял кишинин кара түстөгү спорттук шым, кара түстөгү кофта табылган.

Кимде ким аял кишини тааныган болсо, (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 61 69 07, 0702 44 44 88, 0703 17 17 25 номурларына чалыңыздар.