Чүйдө Мирлан Дүйшөбаев 31-августтан бери дайынсыз болуп жатат

Чүйдө Дүйшөбаев Мирлан Кыдыкович дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 9-сентябрда Чүй ОИИБге Мирлан Дүйшөбаев дайынсыз болуп жатканын айтып, кызы кайрылган. Анын айтымында, 1975-жылы туулгоан атасы 31-августта саат 17:00 чамасында Кошой айылындагы үйүнөн чыккан бойдон кайра барган эмес.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 0312 607387, 03132 33289, 0702 777408 номурларына чалсаңар болот.