Чүйдө өзүн атып алды делген чек арачынын эжеси: «Иним көзүн ачты»

УКМКнын Чек ара кызматы маалымат таратып, 21-октябрда «Чалдыбар-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун контракттык кызматынын аскер кызматкери 2001-жылы туулган жаран башына ок тийип жаракат алганын, кырсык куралга этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен болгонун билдиришкен.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын эжеси бүгүнкү абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, иниси көзүн ачкан, бирок сүйлөп, өзү тамак иче элек. «Абалын аябай жакшы деп айта албайм, сүйлөй элек, тамакты зонт менен ичет. Бизди тааный элек көзүн ачты, бирок ориентир жок»,- деди ал.