Чүйдө поезд сүзүп кеткен наристенин бүгүн чарчап калганы маалым болду

Чүйдөгү Кара-Балта шаарында поезд сүзүп кеткен наристе бүгүн, 10-апрелде чарчап калды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден тастыкташты.

Кырсык 8-апрелде катталган. 2021-жылы туулган наристени поезд сүзүп кеткен. Ал балдар менен ойноп жүрүп, темир жолго чыга калган. Машинист токтотууга аракет кылган, бирок майнап чыккан эмес.