Чүй районунун Вознесеновка айылындагы №14 тарбиялоочу мекемесинде соттолгондордун жана тергөөдө жаткандардын арасында мектепти ийгиликтүү аяктагандарга орто билими тууралуу аттестаттар тапшырылды. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.
«11-классты 3 соттолгон, 9-классты 1 соттолгон жана 4 тергөөдөгүлөр, 8 адам жалпы орто билим алышкан. Мектеп директору Нуриза Кампышева жана башкы мугалими Наталья Кретова балдарды жашоосундагы бул маанилүү окуя менен куттукташты»,— деп айтылат маалыматта.