Чүйдө төрөттөн кийин каза болгон келин. Депутат «дарыгерлерге чара көрүлүшү керек» дейт

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова Чүйдө төрөттөн кийин каза болгон келиндин маселесин көтөрдү. Ал келиндин өлүмүнө дарыгерлердин күнөөсү бар экенин божомолдоду.

«Ачык эле дарыгерлердин күнөөсү менен болгондой. Себеби, жакындарын киргизбестен, эч маалымат бербестен, 1 күндөй кармашкан. 9 бала чыркырап калды. Бул бир эле учур эмес. Буга чейин эгиз бала төрөгөн келин каза болгон. Буга чара көрбөсөк болбойт. Төрөткананын жетекчилигине, дарыгерлерге чара көрүлүшү керек. Билинбеген өлүмдөр канча?» — деди депутат.

Чүйдө төрөттөн кийин көз жумган 36 жаштагы келин 12-февралда жерге берилгенин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине келиндин бир тууган сиңдиси билдирген. Милиция маалымат таратып, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөнүн, 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгонун билдирген.

«Бул эжемдин 9-төрөтү болчу. Эжемдер буга чейин Токтогулда турушчу. Ал жердеги үйүн сатышып, Кара-Балтага көчүп келишкен. Бул жакка көчүп келгени төрөтканага барып, дарыгерлер менен сүйлөшүп, ушул жакта төрөрүн айтып келгенин айткан. Эжем кечээ, 12-февралда жерге берилди. Балдарынын улуусу 18 жашта. Азыр жаңы төрөлгөн ымыркай төрөтканада, абалы жакшы дешти. Кечээ сиңдим барып көрүп келди», — деген бир тууганы.