Чүйдө уурулук кылган делген кишини жол боюндагы мамыга байлап салышкан (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары Чүйдө уурулук кылган делген кишини жол боюндагы мамыга байлап салышкандагы видео тарап жатат.

Маалыматтарга караганда, видео Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл аймагындагы Ак-Ордо конушунда тартылган. Мамыга байланган жарандын уурулук кылганы айтылууда.

Азырынча окуя боюнча милиция үн ката элек.