Чүйдөгү жол кырсыкта каза болгон «Түндүк электр» ишканасынын кызматкерлери жерге берилди

иллюстрация

Чүйдөгү жол кырсыкта каза болгон «Түндүк электр» ишканасынын үч кызматкери бүгүн, 19-ноябрда жерге берилди. 1964-жылы туулган аял киши Кемин районундагы Нур айылына, 1980-жылы туулган аял киши Кызыл-Октябрь айылына, 1969-жылы туулган эркек киши Бейшеке айылына жерге берилди.

17-ноябрда Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, анда жеңил унаа менен УАЗ сүзүшкөнү маалым болгон. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 4 адам ооруканага жеткирилген. Кылмышка шектүү катары жеңил унаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.