Кечээ, 7-октябрда Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кара-Дөбө айылынын тургундары көп жылдан бери айылдын имамы болуп кызмат кылып келе жаткан Азамат Жакупбаевге Honda Stepwgn үлгүсүндөгү унаа белек кылышты. Бул тууралуу айыл тургуну билдирди.
Маалыматка караганда, саамалык айылдын мечитинин алдында өтүп, ага айыл аксакалдары жана жаштары катышышты. Эл алдына чыгып сөз сүйлөгөн аксакалдар Азамат Жакупбаевдин көп жылдардан бери айыл ичиндеги ынтымакты, биримдикти, сабырдуулукту жана ыйманды сактоодо көрсөткөн эмгегин баса белгилешкен.
Белек тапшыруу учурунда Азамат имамга улуттук калпак кийгизилип, чапан жабылып, ак бата берилди. Өз кезегинде Азамат Жакупбаев мындай чоң белекке ээ болгонуна терең ыраазычылыгын билдирип, бул сый-урмат жеке өзүнө гана эмес, жалпы дин кызматкерлерине карата элдин болгон ишениминин жана урматынын көрүнүшү экенин баса белгиледи.
«Бул мен үчүн күтүүсүз жана өзгөчө белек болду. Элдин ак ниети менен берген белеги мага зор дем-күч берет. Бул күнү мен бир гана унаа эмес, элимдин батасын, колдоосун жана ыраазычылыгын алдым», — деди айылдын имамы.