Чүйдүн милициясы балдар интернатына барып, акчалай жардам беришти

Чүй райондук милициясы балдар интернатына барышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана өздүк курамы Жаңы-Жол айылында жайгашкан жетим балдар үчүн мектеп-интернатына барышып, тарбиялануучулардан кабар алышты.

Милиция кызматкерлери балдарды майрамы менен куттуктап, таттууларды тартуулашты. Андан сырткары, акчалай жардам көрсөтүшүп, спорттук жабдыктарды беришти.