Чымкентте кармалган Кыргыз жараны сурак учурунда сабалды

Чымкентте кармалган Баялы Төрөгелдиев аттуу Кыргыз жараны сурак учурунда сабалып, ага медициналык жардам көрсөтпөй, калтырып коюшкан. Бул тууралуу Акыйкатчынын институтунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Акыйкатчы институту Казакстандагы адам укуктары боюнча өкүл Эльвира Азимовага кармалган Кыргыз жарандарына укуктук жардам көрсөтүү суранычы менен кайрылган. Анын бири Казакстанда иштеген 1997-жылы туулган Баялы Төрөгелдиев 9-январда кармалып, анын туугандары сурак учурунда укук коргоо органдары тарабынан ур-токмокко алганын айтышкан. Учурда ал оор абалда жана ага медициналык жардам көрсөтпөй коюшкан.