Чырак айылындагы мектепте болгон окуя боюнча министрлик үн катты

Агартуу министрлиги Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Чырак айылындагы Т.Акун атындагы жалпы билим берүү мектебинин дене тарбия мугалиминин окуучуларга карата кол көтөргөндүгү боюнча төмөнкүлөрдү билдирет.
Бул көрүнүш балдарга карата жасалган зомбулук катары бааланып, педагогикалык кызматкер тарабынан кесиптик этиканын одоно түрдө бузулгандыгын айгинелейт. Агартуу министрлиги Ички иштер министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иш-чараларды дароо баштаган. Учурда териштирүү иштери улантылууда.
Агартуу министрлигинин 2026-жылдын 19-январындагы № 13/1 буйругунун негизинде өлкө аймагында комплекстүү жана масштабдуу профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Министрлик бул терс көрүнүштөр менен жалпы кырдаалга баа берүүдөн оолак болууга чакырат. Мындан тышкары, педагогикалык кызматкерлердин, окуучулардын жана ата-энелердин катышуусу менен комплекстүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Агартуу министрлигинин Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтуна мугалимдердин кесиптик этикасы боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү жөнүндө тиешелүү тапшырмалар берилди.