«Чырактай жаш жоокерлердин өмүрүн сактап калдыңыз». Ак-Сайдагы мектептин кароолчусу кандай каза болгону айтылды

«Чырактай жаш жоокерлердин өмүрүн сактап калдыңыз». Тажикстандын кол салуусунан Ак-Сайдагы мектептин кароолчусу кандай каза болгону соцтармакта жазылды.

«Бул унаа Ак-Сайдагы Бусурман Ходжаев орто мектебинин кароолчусунун унаасы. Ал мектеп менен кошо өрттөлгөн. Кайран киши жаш жоокерлерди аман сактап калуу үчүн жол көрсөтсүн деп уулун кошуп чыгарып жиберип, өзү калып калган. Баласы атам курчоодо калды деп кайра келгенде экөөнү тең күйгүзүп жиберишкен. Билим уяны коргоп калайын, жок дегенде, өрттөп-тонотпой сактайын деп калып, уулу экөө о дүйнө кете берген.

Муктар аке, сиз баатырсыз. Сиз жөнөкөй мектеп күзөтчүсү эмес, мекен күзөтчүсү болдуңуз. Чырактай жаш жоокерлердин өмүрүн сактап калдыңыз. Жаркыраган билим уясын коргойм деп кете бердиңиз. Муктар ага, сиздин, уулуңуздун арбагына таазим! Бизди кечиргиле!» — деп жазылат Улукбек Омокеевдин билдирүүсүндө.