«Айчүрөк» соода борбору милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды

Милиция кызматкерлери «Айчүрөк» соода борборун курчоого алышты. Ошондой эле соода борбордун тегерегине көп адам чогулду. Айрым маалыматтарга караганда, соода борборунун ичинде шек жараткан адам бар. Ошондуктан милиция чакырылган.

Милиция кийинчерээк толук маалымат берилерин билдирди.