Дөөлөт Сыдыковдун манас айтканга чейин жана андан кийинки абалын салыштыруу үчүн кан алынды

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын окутуучулары 14 сааттан ашык тынымсыз манас айткан Дөөлөт Сыдыковдун феноменин изилдеп жатышат. Бул туурасында аталган окуу жайдын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, окуу жайдын тийиштүү кафедрасынын адистери манасчынын феноменин медициналык багытта изилдешүүдө. Мындан улам, алар Дөөлөт Сыдыковдун манас айтканга чейин жана айткандан кийинки абалындагы өзгөрүүлөрдү салыштыруу максатында эки жолу кан анализин алып, атайын лабораторияга жиберишкен. Анын жыйынтыгы жакынкы күндөрү жарыяланат.

Кошумчалай кетсек, кечээ Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт тынымсыз, тамак-аш, суу ичпестен манас айтып, дүйнөлүк рекорд койду. Бул аракети менен ал “Гиннесстин рекорддор китебине” кирүүгө кадам жасады.