«Дааватка кеттим деген». Оштон Бишкекке кеткен Нурсултан Абдыраев майдан бери дайынсыз болуп жатат

Бүгүн, 6-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Нурсултан Абдыраевдин апасы кайрылып, уулу май айынан бери дайынсыз болуп жатканын билдирди. Апасынын айтымында, уулу 12-май күнү дааватка барам деп, Оштон Бишкекке кеткен. Ошол эле түнү Сокулуктагы досунун үйүнө барып, 2 күн ошол жакта болгон. Досунун айтымында, жигит 14-май күнү таңга маал үйдөн чыгып кеткен. Ошол бойдон дайынсыз. Апасы мечиттерден да таппаганын билдирди.

Маалыматты редакцияга Ленин РИИБден тастыкташты. Жигиттин изделип жатканын билдиришти.

«22-майда Ош ШИИБге жаран кайрылып, 2001-жылы туулган уулу Нурсултан Абдыраевдин 12-майдан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ал Ош шаарындагы Масалиев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө башталган», — дешти.

Сүрөттөгү жигитти көргөн-билген болсо, 0 (312) 352-605, 0 (553) 102-465, 0 (703) 501-600, 0(553) 102-880, 0 (502)250-815 номурларына кайрылсаңар болот.