Дача-СУ кырсыгы. Калган жүк транспорттук милициянын кампасында

Учактагы жүктүн калдыктары транспорт милициясынын кампасында. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин өкүлү Максат Мусаев кырсыктын келип чыгуу себептерин иликтөө боюнча түзүлгөн коомдук комиссиянын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кырсыктын себептерин иликтөө иштери дагы эле уланууда. Өзгөчө кырдаал болгон жерде талап-тоноо фактысы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

«Кылмыш-жаза кодексинин «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине карата материалдар негизги кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнгөн. 108 уюлдук телефон алынды. Учурда транспорттук милициянын кампасында турган жүктүн көлөмү 600 килограммды түзөт», — деди Максат Мусаев.