«Далилденсе, камаласың». Камчыбек Ташиев министрге эскертүү берди

Кечээ, 24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жыйын өткөргөн. Ал жыйында Транспорт министри Абсаттар Сыргабаевди ордунан тургузуп, ал боюнча да маалымат бар экенин айтты.

«Подрядчиктерден арыздар түшүп жатат. «Биз Транспорт министрлигинин жетекчилерине акча бергенбиз» деген арыздар болуп жатат. Эгер ошол далилденсе түрмөгө отурасың. Уктуңбу? Аяйт экен деп ойлобогун»,- деди ал.