«Даниель Ажиевдин апасыбы?». Депутаттыкка талапкер Руслан Тагаевдин кайрылуусу кызуу талкуу жаратты

Кечээ, 10-сентябрда Бишкектеги Ленин району боюнча кайра шайлоо болуп өттү. Автоматтык эсептөөчү 51 урнанын 51инен алынган жыйынтык боюнча 26,14 пайыз менен Кубанычбек Самаков алдыга чыккан. Буга байланыштуу Руслан Тагаев нааразычылыгын билдирип, видео кайрылуу жасаган. Анын айтымында, таза шайлоо үчүн күрөшүп келген жана күрөшө берет. «Эгер ошол адамдар таза утуп чыктык дей турган болсо, тийиштүү органдар иликтеп чыгып, өз баасын берет», — деген ал.

Социалдык тармактын колдонуучулары талапкердин артында турган аялдын вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиевдин апасы экенин таанышып, кызуу талкууга алышты. Бирок бүгүн бул видеону Руслан Тагаевдин соцтармактагы баракчасынан табууга мүмкүн болгон жок.

Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиев учурда абакта. Ал 29-сентябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакта калтырылган. Ажиев 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.