Дарыгер: «Балдардагы коронавирусту сасык тумоодон айырмалоо мүмкүн эмес»

Балдардагы коронавирусту вирустук инфекциядан айырмалоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин дарылоо иштери боюнча орун басары Жамиля Анакеева маалымат жыйында билдирди. 

«Мүмкүн эмес, анткени чоң кишилердеги белгилерди (даам жана жытты сезбей калышы) биз баладан аны сурап биле албайбыз. Коронавирус башка респиратордук инфекциялар сыяктуу эле вирустук инфекция, ошондуктан айырмалоочу белгилери жок», — деди ал.

Бирок Анакееванын айтымында, №3 балдар ооруканасынын кызыл зонасында 1,5 айдын ичинде бир дагы бала коронавирус менен ооруган эмес. «Коронавирус өзүнүн татаалдыгы жана кесепеттери боюнча оорураак, бирок сасык тумоонун дагы татаалдыктары бар. Педиатрга бул оорулардын оордугун салыштыруу кыйын, бирок коронавирус менен көптөгөн органдар жабыркайт”, — деп кошумчалады ал.