Дарыгерлер балдар арасында Бишкекте сасык тумоо адаттан тыш жүрүп жатканын айтты

Дарыгерлер Кыргызстанда балдар арасында сасык тумоонун адаттан тыш жүрүшү тууралуу айтып беришти.

Шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун айтымында, быйыл сасык тумоо дене таптын көтөрүлүшү менен коштолууда. «Мурунку жылдары дене табы 2-3 күн көтөрүлсө, азыр бир жумага чейин кармалып жатат. Ооруканабыз 400 орунга ылайыкталган жана алардын баары дээрлик толуп калган. Дарыгерлер өздөрү ооруп жатышат жана күчөтүлгөн режимде иштешүүдө», — деди ал.

Жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев балдардын температурасы +41 градуска чейин көтөрүлүп жатканын билдирди. Сасык тумоонун белгилери: дене таптын көтөрүлүшү, жөтөл, тамак оору, мурундан суу агып же бүтүп, бүт дененин оорушу, баш оору, чыйрыгуу, алсыздык.