Блогер Дава кыргыз кызына жардам берерин айтты. Анын үй-бүлөсү карызга батып калган

Орусиялык блогер Дава катталуучуларына кайрылуу жасап, анда буга чейин Дубайга жолдомо белек кылган Айнура аттуу кыргыз кыз тууралуу соцтармактагы баракчасына жарыялаган стористе айтып берди.

«Мен кыргыздарды ак көңүл адамдар деп билем. Ал өзү эле мени менен кошо барбайт, ал жакка команда барат. Мен ал жакка барып эс ала турган жана аларга акча табууну үйрөтө турган балдарды ала барам», — деди блогер. Ошондой эле кыргыз кыз үй-бүлөсүнүн карызын жабууну кыялданарын айтып берген. Анын айтымында, кыздын апасын алдоо жолу менен түрмөгө отургузуп коюшкан. Апасын түрмөдөн алып чыгуу үчүн карызды жабуу керектигин билдирген. Блогер кызга карызды төлөө боюнча жардам берерин жана экөө Кыргызстанга барарын айтты.