Орусиялык блогер Дава (Давид Манукян) кыргызстандык кызга Дубайга жолдомо белек кылды. Ал видеону соцтармактагы баракчасынын сторисине жарыялады.
Дава Манукян катталуучуларынын арасында сынак уюштуруп, сынакта Дубайга билет ойнотуп, аны Олеся аттуу кыз утуп алган. Блогер аны менен бирге соода борборлорунун бирине кийим сатып алуу үчүн барган. Соода борбордон ал өзүн кыргызмын деп тааныштырган, блогерди тааныган кыз менен жолугуп калып, ага Дубайга барууга сунуш кылды. Кыз дароо барууга макул болду.