Дем алыш күндөрү Бишкек — Чолпон-Ата унаа жолунда көзөмөл күчөтүлөт

Дем алыш күндөрү Бишкек — Чолпон-Ата унаа жолуна көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.

«Акыркы күндөрү Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына келе жаткан айдоочулардын катышуусунда жол унаа кырсыктары көп катталууда. Ага айдоочулар жол эрежелерин толук сактабай, катуу ылдамдыкта айдап, каршы тилкелерге чыгып, ашып өтүү маневр жасоо эрежелерин толук сактабай, жол унаа кырсыктарынын 90 пайызына айдоочулар өздөрү себеп болууда», — дешти.

Ошондуктан, эртеңки дем алыш күндөрү да жол тескөөчүлөр Бишкек — Чолпон-Ата багыты боюнча каттап жаткан айдоочулардын коопсуздугун күчөтүп, кошумча постторду коюу менен жол унаа кырсыктарынын алдын алуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Кечкисин жол тыгындарынын алдын алып, көчөлөрдүн кесилиштеринде жол кыймылын жөнгө салышат.

Айрыкча ылдамдыкты ашырып айдагандарга, каршы тилкеге чыккандарга жана мас абалында транспорт каражаттарын айдаган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.