23-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар жаайт. Түндө Чүй, Талас жана Ысык-Көл дубандарынын дыйканчылык аймактарында -2…-3° үшүк жүрөт. Күндүз эч жерде жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,
Баткен, Жалал-Абад, Ош дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 6…11,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -1…-6°.
Бишкек шаарында түнкүсүн 0…2, күндүз 13…15°. Жаан-чачын болбойт.