«Денеңерди башка жакка барып көрсөтүшкүлө». Депутат менен вице-мэр айтыша кетти

Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиев иштеп жатканынын далили катары күнгө күйгөн колун көрсөттү.

12-майда Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында шаардагы жолдорду оңдоо жана куруу маселеси каралып, учурда сегиз чоң көчөдө иштер жүрүп жатканын вице-мэр белгиледи.

Жыйында сөз алган Бишкек шаардык кеңештин депутаты Сыргак Майрамбек уулу көчөлөрдү реконструкциялоодо реформалар жүрбөй жатканын айтты.