Депутат Дастан Бекешев 1-июндагы жумуш күндү ата-энелер үчүн кыскартууну сунуштады.
Анын айтымында, ата-энелер майрам күнү жумуштан сурана башташат. «Эс алышы үчүн, балдар менен убакыт өткөрүшү үчүн аларды жумуштан бошотолу. 1-июнду кызыл күн деп жарыялоону каалабасак, жок дегенде, ушундай чечим кылалы. Байкуш ата-энелер кыйналат, айрымдарына уруксат берет, айрымдары беришпейт», — деди ал.