Депутат 4-ооруканадагы чыр боюнча: «Эки кишинин айынан чоң оорукана артка кетпеши керек»

Бир аптадан бери 4-оорукананын мурдагы директору Сабырбек Жумабеков менен саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин тиреши уланып келет.

Мындан улам SUPERTV каналы Жогорку Кеңештин депутаттарына «Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборун Тез жардам ооруканасы кылып өзгөртүүгө кандай көз караштасыз? Сабырбек Жумабеков менен Алымкадыр Бейшеналиевдин тирешинде чындык ким тарапта деп ойлойсуз?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Айбек Осмонов министрдин реформасына түз көз карашта экенин айтты. «Бишкек шаарында миллиондон ашуун жаран бар. Сөзсүз түрдө оорукана болушу керек», — деди ал. Ал мындан тышкары, эки кишинин айынан чоң оорукана артка кетпеши керектигин айтты. «Экөө ич ара чечип алышы керек», — деди ал.