Депутат абактардагы абал тууралуу маалымат сурады

Жогорку Кенештин жыйынында депутат Исхак Масалиев абактагылар боюнча маалымат берилиши керектигин айтты.

«Тергөө абагында отургандарды сабаган деген маалымат чынбы же калппы? Тийиштүү органдар маалымат берип койсо болмок. Акыйкатчы институтунун да кызматкерлери келсин. Абактарда адамдар сабалып жатат деп жатышат»,— деди ал.