Депутат Айдарбеков: «БШК 3 күн ичинде мандатты берүүгө милдеттүү. 19 күн өттү»

«БШК 3 күн ичинде мандатты берүүгө милдеттүү. 19 күн өттү». Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Чыңгыз Айдарбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

«2010-жылдан тартып өмүр баяным, өткөн баскычтарым бир топ жолу текшерилип, ошондон улам жогорку кызматка өтүп иштедим. Ызы-чуу же мыйзамсыз иштер болсо, дароо чара көрүлмөк.

БШКнын жетекчилиги мени 19 күндөн бери текшерип жатат. Соттук чечим болсо, ИИМ бир күндө эле маалымакат берет. Мындай маалымкат БШКга 3 күндө эле келет. Жогорку Кеңештин депутатын БШК дайындабайт, алар Баш мыйзамга ылайык элдин талабын аткарышат. БШК 3 күн ичинде мандат берүүгө милдеттүү. Бүгүн 19-күн болду. Мындай эгемендүү Кыргызстандын тарыхында болгон эмес», — деди ал.