Депутат: «Айылдын эли байып, шаардан кем эмес жашап калышты. Малга салык киргизели»

«Айылдын эли байып, шаардан кем эмес жашап калышты. Малга салык киргизели». Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев билдирди.

«Статистика боюнча өлкөдө 2 миллион тегерегинде ири мүйүздүү мал, 700 миңдей жылкы, 8 миллиондон ашуун кой бар экен. Кудайга шүгүр, айыл жергесинде эл байыды, 3-4төн унаалары бар. Мен да айылдык баламын. Шаардан кем эмес жашап калдык. Жылкыга, малга, койго салык киргизсек деген оюмду айткым келет. Азыр жылкынын баасы 70 миңден 100 миң сомго чейин, уйдун баасы 60 миңден 80 миң сомго чейин, койдун баасы 12 миңден 18 миң сомго чейин. Бир койго жылына 100 сомдон, уй менен жылкыга  жылына 250 сомдон салык киргизе турган болсок, бир жылда айыл өкмөттүн бюджетине 1,5 миллиард сом каражат түшөт. Алар борбордук бюджетти карабай калышмак», — деди депутат.