Депутат Акаев: «Миллион жеген кутулуп, тоок уурдаган тутулуп» деп эл бекер айтпайт»

«Миллион жеген кутулуп, тоок уурдаган тутулуп» деп эл бекер айтпайт». Мындай пикирин депутат Жанар Акаев соцтармактагы баракчасына жарыялап, муну менен ал соттун ага кайтарган жообуна реакция кылды.

«Түрмөдөгү жарандардын үнүн кечээ Жогорку Кеңеште айттым эле. Алты миң сом уурдадың деп үч балалуу жумгалдык эже камакта сотун күтүп жатканын, ыйлап жардам сураганын айткам. Свердлов райондук соту мага жооп кайтарыптыр, пресса аркылуу, мааниси мындай: “Жок, ал аял алты миң сом эмес, 17 миң сом уурдаган. Үч баласы бар экени чын, бирок аны бул бакпайт, ажырашкан жолдошу багат”. Мына эмесе жооп! Элибиз бекер айтпайт да, “миллион жеген кутулуп, тоок уурдаган тутулуп” деп. Соттор адилеттүү болмоюн, адилеттүү системаны орнотуу кыйын», — деп жазылат билдирүүдө.