Бүгүн, 28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды. Шайлоочулардын тизмедеги саны — 349 миң 798 адам. Добуш берүү убактысы 8:00дөн 20:00гө чейин.
Баткен округу боюнча 23 миң 67 адам (20,53 пайыз) добуш берди.
Ош округу боюнча 17 миң 751 адам (14,16 пайыз) добуш берди.
Кара-Суу округу боюнча 15 миң 319 адам (13,67 пайыз) добуш берди.