Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен отуруму өтүп жатат. Жыйында депутат Жанар Акаев Алай менен Чоң-Алай райондоруна калың кар жааганын айтты.
Анын айтымында, жүздөгөн оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары эки ашууда туруп калышкан. «Кытайдан келген айдоочулар унааны жайкы дөңгөлөк менен айдап жүрө бергендиктен тыгын пайда болуп жатат. 3 күндөн бери ошол жерде жаткан айдоочулар бар. Азыр эле видео чалуу менен сүйлөштүм. Жол тейлөө кызматынын техникасын көбөйтүп берүү керек»,- деди ал.
Транспорт министри Абсатар Сыргабаев аталган эки ашуудагы абал боюнча маалымат берди.
«Чыйырчык менен Тоң-Мурунга кар калың түштү. Техникалар жетиштүү. Жолду тазалаганга чейин айдоочулар жол эрежесин бузуп, каршы тилкеге чыгып, техникаларды өткөрбөй жатышты. Азыр каттам бар. Тоң-Мурунда 1 сааттай бороон, туман болуп, тазалоого жол көрүнбөй жатты. Азыр тынымсыз каттам бар. Техника жетиштүү. Жайкы дөңгөлөк менен чыгып, ыңгайсыздык жаратып жатышат»,- деди министр.