Жогорку Кеңеште жыл сайын 15-мартта белгиленүүчү Аталар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка чакырылган коноктор катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Төраганын биринчи орун басары Медербек Алиев Аталар күнүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоору алгач коомчулукта ар түрдүү пикирлерди жаратып, айрымдар тарабынан четке кагылган учурлар да болгонун билдирди. Бирок кызуу талкуулардын натыйжасында демилге эл өкүлдөрү тарабынан колдоого алынып, кийинчерээк мамлекет башчысы кол койгонун маалымдады.
«Бул чечим атанын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ордун таанууда маанилүү кадам болду. Биз кыргыз элинин үй-бүлөлүк баалуулуктарын жана салттарын сактап, баркташыбыз зарыл. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө айрым эркектер ата болгонуна карабастан балдарды тарбиялоого тийиштүү деңгээлде катышпай жаткан жагдайлар кездешүүдө. Калкыбызда атанын орду ар дайым өзгөчө болгон. Ата – үй-бүлөнүн башчысы катары балдарынын жана бүтүндөй үй-бүлөнүн бакубат жашоосу үчүн жоопкерчилик тарткан инсан», — деп белгиледи Медербек Алиев.
Салтанаттын жүрүшүндө катышуучулар мындай иш-чараларды өткөрүү үй-бүлө институтун чыңдоого, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтууга жана ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Муну менен катар атанын үй-бүлөдөгү ролу өзгөчө мааниге ээ экени айтылып, ал коргоонун, колдоонун жана акылмандыктын булагы экендиги кошумчаланды.