«Ататүрк паркы маселеси боюнча мунапыс берели, элди үйүнөн кууп чыгып, талкалаган туура эмес болуп калат». Бул тууралуу депутат Жалолидин Нурбаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
13-майда Бишкек мэриясында Мустафа Кемал Ататүрк сейил багынын аймагында жайгашкан объектилердин маселеси боюнча мекемелер аралык жыйын өтүп, мэр 20-майга карата пландалган иштерди даярдоо чараларды көрүүнү тапшырган болчу.