Депутат Атазов: «Аялзатты коргосок улут өнүгөт, эл көбөйөт»

Депутат Мирлан Самыйкожо элдин жүрөгүнүн үшүн алган кезектеги окуя тууралуу үн катты. Ал кулак-мурду кескиленген келиндин окуясынан улам аялдарга болуп жаткан зомбулук боюнча маалымат таратып жаткандарга чара көрүүнү суранды. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

«Кылмыштуулукту болтурбоо боюнча алдын ала иштеш керек. Кылмыш болгондон кийин кеч. Кылмыш кылчу коомду мамлекет, Билим берүү жана Маданият министрлиги тарбиялаш керек. Ошондой идеология жүргүзүш керек. Аялзатты коргосок улут өнүгөт, эл көбөйөт. Аялзатты кордосок элди, улутту кордогон болобуз»,- деди депутат Шайлообек Атазов.