Бүгүн, 7-апрелдеги Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Балбак Түлөбаев буудай менен байланган малдын айынан кыргызстандыктар кант диабети, кан басымынын жогорулашы менен жабыркап жатканын айтып чыкты.
«Мурда малды арпа, сулу менен байлачубуз. Азыр буудай менен байлап, элди кант диабети, кан басымынын жогорулашы менен оорутуп жатабыз. Малды буудай менен байлабайт. Ушуну элге түшүндүрсөк»,- деди ал.