Депутат Бекешев Иракта камалган кыргызстандык аялдардын жакындары менен жолукту

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ирактын абактарында эркиндигинен ажыратылган кыргызстандык аялдардын жакын туугандары менен жолугушуу өткөрдү.

Эл өкүлү өз сөзүндө камактагы аялдардын тагдыры тууралуу кеп кылып: «Алар жакшы жашоо табам деген үмүт менен кетип, 5 жылдан ашык убакыттан бери чоочун өлкөдө кармалып турушат. Бул абдан орчундуу жана баарыбызды тынчсыздандырган маселе», — деди.

Ошондой эле буга чейин президент Садыр Жапаровдун саясий эркинин аркасында бир топ аялдар менен балдар Кыргызстанга алынып келингенин эске салган Дастан Бекешев учурда Иракта дагы 40 тан ашуун аял киши калганын, аларды дагы мекенге кайтаруу үчүн тиешелүү чаралар көрүлүшү керектигин баса белгиледи.