№69 мектептен 40 мугалим кетип, баары менчик мектепке жумушка орношкон. Бул тууралуу депутат Аида Исатбек кызы 7-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, буга мектептерден гимназия, лицейлердин статусу алынып, айлык акы азайганы себеп болгон. Депутаттын айтымында, реформа менчик мектептерге шарт түзүп берип жатканын айтты.
Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева билим берүү жөнүндө мыйзам 2023-жылдын август айында кабыл алынганын, ал жакта гимназия, лицей деген статус жок экенин эске салды.
«Аккредитациянын мөөнөтү бүтө элек болсо, эмгек акы эсептелинет. Кружоктор гана алып салынат. Бул акчаны мектептерге предметтерди тереңдетип окутуу үчүн кайтарып беребиз. Бул системалуу болот. Кыргызстанда 350гө жакын мектеп бар, ага 1 миллиард сом сарпталат. Алардын көбү Бишкекте. 26-мектептин мугалимдери кетип калганы резонанс жаратты. Бирок маселе ошол жерден чечилди», — деп жооп берди министр.